көр3

китептерде 5398 жолу, 10 китепте көр 1 →көр 2 →
  1. Көрүү сезими менен байкоо, көз жүгүртүү, кароо.
  2. Байкоо, көз салуу, бир нерсенин жөн-жайы, шарты, ал-абалы ж.б. менен таанышуу, баам кылуу.
  3. Кандайдыр бир жайда болуу же бирөөгө кез келүү, учуроо.
  4. Дуушар болуу, башынан өткөрүү, жолугуу.
  5. Бир нерсенин таасиринде болуу, таасирленүү, алуу.
  6. Бир нерсенин сапатына, белгисине ж.б. байкоо кылуу, баамдоо, сезүү.
  7. Эсептөө, ушундай деп сезүү, эсеп кылуу.
  8. Кимдир бирөөнү, бир нерсени себепкер деп саноо, бир нерсенин болуу, келип чыгуу себебин ошого байланыштуу деп кароо.
  9. Жаза, чара колдонуу, жазалоо.
  10. Камылга, даярдык ж.б. аракеттерин жүргүзүү, ишке ашыруу.
  11. Жетүү, колуна тийүү, ээ болуу.
  12. Бирөөнүн аракетин, дымагын, ишин ж.б. кем баалоо, арзырлык эмес деп басынтуу же кекетүү маанисинде айтылат.
  13. Чакчыл формадагы негизги этиш менен бирге айтылып, өтүнүү, сурануу, тилек кылуу же бирөөгө буюруу, сунуш кылуу ж.б. маанини билдирет.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кокүн сунган найзанын, / Үнү күндөй күркүрөп, / Көрүп туруп Конушбай, / Сийдиги агып дүркүрөп, / Кара жерди чаң кылып, / Качырганын ар качан, / Алып көргөн кар кылып, / Адатымча кыргызды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ “Ат оттосо жай алган, / Аркардын оту бөксөнүн, / Ат чалдырып чөптөрү, / Аркасын эч бир көрбөдүм, / Айдаркан уулу Көкчөнүн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Салдырып бутка кең кишен, / Кынжылатып мойнунан, / Андан кийин Бакайдын, / Мабу кеп чыкты оозунан: / — Эл кыдырып келсин, — деп, / Чыккынчы болот ушундай, / Кыргыздын баары көрсүн, — деп, / Бирине-бири кас болбой, / Ынтымактуу жүрсүн, — деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Эл көрүнбөй калган. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Анын кейпин көрүп, сөзүн уккан кыздар коркконунан очоктун жанына отура калышат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →