көпүрө

китептерде 37 жолу, 4 китепте
  1. Суудан, терең сайдан, аңдан ж.б. өтүү үчүн салынган же атайылап курулган өткөөл.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Асты корум таш экен, / Үстү агын катуу суу, / Өйүз-бүйүз заңкайып, / Көпүрөсү бар экен, / Байкап көрсө кайран ат, / Ал көпүрө тар экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Алтындаган наапаны, / Жуп кара атка коштуруп, / Тазбайматка айдатып, / Жан кишиге көрүнбөй, / Көпүрө менен Каныкей, / Бу да тосуп алыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Көпүрөө сынып бүктөлдү, / Чымын жанга күч келди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Жолчулардын кесиби болсо жолдун ташын терет, бузулган, суу жеген жерлерди, көпүрөлөрдү оңдойт; кыш болсо бирден чолокторун арнап, байлап коёт да, кезек менен Кызыл-Кыядан почто чыгарышат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Жыйналган жерибиз бада чогулчу көпүрөнүн артындагы жалгыз үйдүн жаны. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →