көпчүлүк
- Бир нерсенин теңинен көбүрөөк, ашыгыраак бөлүгү, көп экендиги.
- Эл-журт, калк, бир канча адамдардын тобу, жамааты.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Басып жүрөт иши көп, / Меникин билбейт деп ойлойт, / Көпчүлүктүн көзү көп, / Таалим берип хандарга, / Тайарлангын баарың деп, / Таам тартып Калдык хан, / Барып демиң алгын деп, / Өзү жатпай Калдык хан, / Барабанын кактырып, …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Төрт айагы кула аттын, / Топону көккө сапырып, / Жал-куйругу жайылып, / Катап келген көпчүлүк, / Калбай баары жабылып, / Жанаша албай кула атка, / Шамал артта калыптыр, / Ачып көздү жумганча, / Коросондон коргонго, / Кененим жетип барыптыр, / Дарбазасы сом темир, / Коргону бийик бир сеңир, / Эшик эндүү ай балта.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Күркүрөшкөн үнүнөн, / Көпчүлүк угуп жадашкан, / Алардын кылган ишинен, / Айырбай көзүн карашкан, / Айласы артып күч ташып, / Түн кетип, сүрүп таң аткан, / Менменсиген далай дөө, / Аларды көрүп жадашкан, / Жадагансып калбастан, / Баарлык күчүн айабай, / Жакалашып кармашкан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Чыныңда айтсаң жашырбай, / Бул олтурган көпчүлүк, / Өткөн ишке кайгырбайт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Кан көпчүлүк элден чыга албай кызга уруксат берүүгө амалсыздан макул болот.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →