көптө
- Көп киши, көпчүлүк катышып, биргелешип аракет кылуу, жабылып иштөө.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Шаардан чыксаң талаага, / Саа катылган киши жок, / Эмне кылып жүрөсүң, / Кененимге бет буруп, / Ичиндеки кепти уруп,- / Дабытай келип бул жерге, / Көптөп каршы турганда.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Өчөшүп кууп алыптыр, / Көрүп турган оогандык, / Келе жаткан жолуна, / Жер торду көптөп жайыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
— деп, / Кайнап жүрүп соолуганча, / Бир көрсөмчү пайда, — деп, / — Көптөп кетти мени, — деди, / Көрө албадым сени, — деп, / Келгин бери, келгин, — деп, / Теминишип чабышып, / Таамай чапкан немесин, / Чечекейин агызып, / Олоңдогон даг…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Тирүү турган элдердин, / Өзүңө окшош эрлердин, / Алганын тартып аласың, / Арман күндү саласың, / Дос таппайсың ар жерден, / Көптөп душман табасың.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Көптөп акыл табалы, / Көрүнүп турган бул ишке.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →