көптүк1
- Бир нерсенин көп, арбын экендиги, мол болушу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
басылса, / Кирген-чыккан азайса, / Анан кызды көрсүн” – деп, / Көкөй турган кезинде, / Күн бешимде мезгилде, / Асман тиреп өрттөнгөн, / Чаң көрүндү өзөндөн, / Көптүгү кара кумурска, / Жан көрүндү өзөндөн, / Чоңдугу тоодой дүңкүйгөн, / Дөө көрүндү өзөндөн, / Ат көтөрбөй тер болгон, / Жөө көрүндү өзөндөн, / Калкты бийлеп башка…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кызыл жолборс Кененим, / Кыргыздарда билинбейт, / Көптүгүнө алыптыр, / Коросон менен испандык, / Таласты карай бет алып, / Аттанып жолго салыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Аркасында чачтары, / Аргамжыдай чубалат, / Бол жүргүнүң, болгун, деп / Лойалары кубалап, / Арка-алды көрүнбөйт, / Алай-дүлөй жер чаңдап, / Алакандай аз кыргыз, / Келаткан элди көргөндө, / Көптүгүнө таң калат, / Таанылар элге кезегим, / Келген экен эми, деп, / Кыран Чубак шаңданат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Алдыбызда тигилердин нан жеп жатканын көрүп, эликтегендей бир убакта мен чаначымдын оозун чечип, буудайдан Беккулга бир уучтап берип, өзүм да өлчөгөндөй кылып, ошонун көптүгүндө уучтап алдым да, чаначты такымыма кысып койдум.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Эми тиги дүйнөдөгү элдер дагы бизди билсин, сен менин өлгөн атама барып, менин хан болуп турганымды, элимдин көптүгүн айтып атамын өзүнүн колунан кат жаздырып алып кел, – деди.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →