көпкөлөң

китептерде 5 жолу, 5 китепте
  1. Көөп кеткен, бой көтөргөн, адамды көзүнө илбеген, дардаңдаган.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Айбалта, кылыч эгешип, / Жүрүгүнүң, жүр дешип, / Найза сайар ыктуусу, / Балта чабар мыктуусу, / Чойунбашка шыктуусу, / Көпкөлөң тарткан балдары, / Кылыч чабар кырааны, / Ылганып баары бөлүнүп, / Баштап алып алдында, / Хан Каракөз көрүнүп, / Мылтык аткан мергени, / Жебесин жаага кергени,… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ “Катын деген неменин, / Акылы кыска, чачы узун” / Карылар айткан кеп эле, / Көпкөлөң чалса катындын, / Көзү көрбөйт деди эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Ажалдан калган эмеси, / Ар кайда кетти сенделип, / Күүлөнүп калды Чынаача, / Көпкөлөң мурду тенейип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Көптү көрсө шашпаган, / Көп экен деп качпаган, / Көөнүндө ишин баштаган, / Көпкөлөң мындай чанданды, / Алып көнгөн баштатан, / Арстан Гүлүс беттешти. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Жекеге мурун чыкканга, / Көпкөлөң чалган чагы экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →