көнөктөй

китептерде 8 жолу, 4 китепте
  1. Чоңдугу, түзүлүшү көнөк сыяктуу.
  2. өт. Чоң, зор, көлөмдүү.
  3. Көөп, шишип кеткен, шишиген.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ок садаадагын салынып, / Бадана тонун жамынып, / Көнөктөй болгон шуру таш, / Төбөсүнө тагынып, / Ары баатыр, ары хан, / Бар белгиси таанылып, / Кара темир калканды, / Далысына тартынып, / Көөдөнүндө чарайна, / Башында… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…п, / Алчыланып алганы, / Ар канча салса акыры, / Аны Кошой туйбады, / Жаш баладай шолоктоп, / Ого бетер уктады, / Ойготмокко эр Манас, / Найза менен Кошойду, / Көнөктөй этин бөлүнтүп, / Жыра сайып таштады, / Ачылып көзүн умачтай, / Ташты көрүп шашканы, / Ойготпосо анчалык, / Абакеңди Ороңгу, / Ташка чаба тас калды! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Астынкы ээрди шакылдап, / Кулактары шалкылдап, / Эркегинде айалча, / Көнөктөй эмчек балкылдап, / Мас болгон буура сыйагы, / Тамандары тапылдап, / Кудай бетин салбасын, / Айтып бүткүс айбатын, / Чакчалекей будуң-чаң, / Аркада чаңы жөө тум… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Карчыганын балык эт, / Көнөктөй эти бөлүнүп, / Көнөктүн оозун ачкандай, / Кан агып жерге төгүлүп, / Байкап калып эр Гүлүс, / Кайра чапты бөлүнүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Көнөктөй кара төлгө таш, / Көтөрүп көрчү ошону. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →