көнөктө

китептерде 2 жолу
  1. Көнөк менен ташуу, көнөккө куюп алып туруу, көнөк менен ченөө.
  2. Абдан катуу жаап туруу, төгүү, куюу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Сапырып кумдай кыргызды, / Санаасын санга бөлүптүр, / Көнөктөп жааган жамгырдай, / Көзүнөн жашын төгүптүр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…ерип, / Булуттун баарын бурултуп, / Бурганак мөндүр куйултуп, / Алай-дүлөй борошо, / Бөрүдөн бетер улутуп, / Турган жандын баарысын, / Койнун карга толтуруп, / Көнөктөп сууну куйгандай, / Асмандан жамгыр төгүлүп, / Өркөчтөнүп ылайлап, / Аккан селдер көрүнүп, / Каптап кетип Сазаңды, / Чанданы калды көмүлүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →