көнөк

китептерде 12 жолу, 4 китепте
  1. Саан сааганда, суу ташыганда колдонуу үчүн төөнүн терисинен ыштап жасалган идиш.
  2. өт. Көөп, чоңоюп кеткен шишик.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Кудук баккан немеден, / Тура калды суу сурап, / — Күймө булак жалгыз көз, / Күнү-түндө бир көнөк, / Араң мындан суу чыгат, / Жалгыз көнөк суумду, / Ичип алсаң сен сурап, / Эртең кудук толгуча, / Тура албаймын мен чыдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Катуу жаңжал кызыкта, / Чапташып турган бузукта, / Эр Көкчөнүн Карагул, / Төрт көнөк сүттү көтөрүп, / Эшиктен кирди мына бул, / Ата уулун караса. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Таң эртеңки суусуна, / Көнөк менен сүт берип, / Күрмөгүн койбой тердирип, / Актаган күрүч жем берип, / Сүр куйруктан үч күндө, / Саптуу айак менен бир берип, / Карт муун болгон Тайтору, / … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Карчыганын балык эт, / Көнөктөй эти бөлүнүп, / Көнөктүн оозун ачкандай, / Кан агып жерге төгүлүп, / Байкап калып эр Гүлүс, / Кайра чапты бөлүнүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Хан бул ойду туура көрүп, Чыныбекти чакырып, бир көнөк берип: Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →