көн1
- Бодо малдын терисинен жасалып, ийи жакшы жетилбеген сапатсыз булгаары.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Өтө андес Чакмакташ, / Андай эчен чапканды, / Жаздырып көнгөн чаптырбас, / Алдындагы тулпарды, / Болушунча камчылап, / Тоодой болгон Сазандын, / Ээк алдына өттү эле, / Ташка тийип найзасы, / Сан барча болуп кетти эле, / Пил экен минген аты деп, / Алдынкы ээрдин кашы деп, / Табарсыктын башы деп, / Найза менен муштады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Дабытай үнү чыкканда, / Талана таамай укканда, / Андестик кылып шапа- шап, / Чокморун сууруп алганы, / Күүлөп- күүлөп чокморун, / Кененимди чапканы, / Адис көнгөн Кененим, / Балтаны кармап сабынан, / Талананын чокморун, / Кагып ийди алдынан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…үч жетсе, / Кабыргасын сөгөйүн, / Эби келсе тирүүлөй, / Көкчөгө айдап жөнөйүн, / Агамдын ээрчип артынан, / Өмүр бойу жүрөйүн, / Кыйын болсо өлөрмүн, / Казабына көнөйүн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Атасы Кошой олуйа, / Казатта жүрүп куш салган, / Кобурлуу көнгөн киши эле, / Атадан алып көп үлгү, / Канаттуунун Жалгызек, / Таанып билген иш эле, / Карап көрсө Жалгызек, / Он эки сыны бар экен, / Эки жаккы мүрүдө, / Эшилген…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Көнбөскө чара жок.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →