көмөкөй
- Кичине тил менен таңдайдын ортосу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…елине, / Каарын салып жүзүнө, / Бирге жүргөн, бирге ойноп, / Аралаш жүрүп чоңойгон, / Карабай бенде түсүнө, / Алайа түшүп тиктесе, / Көзүнүн чаары бир башка, / Көмөкөйдө сүйлөсө, / Сөзүнүн заары бир башка, / Аттанып бала жөнөдү, / Тогуз менен онуңдун, / Ортосунда бар жашта.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Темири кулач көк найза, / Көмөкөйлүү бу найза, / Күүлөп капыр ыргады, / Чуулдаган үн чыгып, / Так сурнайча ырдады, / Үзөнгүгө жанашкан, / Башы үйдөй жыгачтан, / Канчалары кулады, / Дөө экен деп ушундан, / Ойун Сыргак турбады, / Калтырак кирип коркконсуп, / Атынын башын бурбады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Манасты көрүп Коңурбай, / Тиштегенден тура албай, / Көмөкөйдө күркүрөп, / Чилдедеги буурадай, / Каары кайнап көзүнөн, / Заары чыгып жүзүнөн, / Бузулган самын кептенип, / Ээрдин кесе тиштенип, / Жойкумасын жойлотуп, / Алга…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Канчоро менен сүйлөштүм, / Көмөкөйдө күрмөштүм, / Семетейди сойлоттум, / Гүлчорону кул кылып, / Отунга салып боздоттум.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Кара темир ооздук, / Көмөкөйдө карсылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →