көмөкчү
- Көмөк берүүчү, жардамдашып, кол кабыш кылып туруучу.
- Негизги эмес, жардамчы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Семетей деп биле албай, / Көкбөрү тартты баланы, / Анда кеги бир калды, / Кыргыл баштап кырк чоро, / Былк этпей жатып алганың, / Көбөшкө болуп көмөкчү, / Көбүрөөк олжо сен алдың, / Андан кала бергенде, / Куу сакал Бакай карыны, / Четке кагып таштадың.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →