көмөк
- Жардам, кол кабыш.
- Жардамчы, жардам берүүчү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
— дешип, / Мага көмөк бер, — дешип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ажыратпай чегиңди, / Айтып турган кебиңди, / Эриңе көмөк болгонуң, / Эл ичинен билинди, / Эски күң, эми сүйлөбө, / Көбөйтүп ички киримди!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Көктекени Чубакка, / Карматып Сыргак кайтканда, / Көмөктү көрүп чыдабай, / Көзөнүнөн сурабай, / Боркош ооган Сыргакка, / Жетип найза салды анда.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…, / Ашыктырбай жай берип, / Дасторконун жыйдырып, / Бата-дуба кылдырып, / Ырчы уул менен Боз уулду: / — Экөөң бери келгин, — деп, / Чукул туруп жаныңда, / Мага көмөк бергин, — деп, / Ээрчитип барып Каныкей, / Тордомолуу ак калай, / Узундугу алты кез, / Эки жаны сары жез, / Каркыттаган зембилге, / Кара кайыш быйдана, / Катыр…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кадырлуу Чубак баласы, / Канчоро айткан кеп экен: / — Аркадан кол келгиче, / Бизге көмөк бергиче, / Элебей жатсак бул жерде, / Эби жок душман көп экен, / Эндегей жаткан кыргызды, / Четинен алып кирбейби?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →