көмүркөй

китептерде 7 жолу, 3 китепте
  1. Аспап, майда-чүйдө буюм-теримдер салына турган сандыкча.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…ты чыкканда, / Өнөрпоздун бардыгы, / Өлгүчө чуркап шашылып, / Араа, балта, чот-керки, / Ала чуркап ашыгып, / Темирчи көөрүк көтөрүп, / Дөөшү менен барсканын, / Көмүркөй менен кычкачын, / Теңдеп таңып артынып, / Күйнөлбөй тез жүргүн, деп, / Көөрүкчүсүн чакырып, / Токсон миңче эрендер, / Токойго кирди жабырып, / Кырчындын барын … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Көк кайкынын башына, / Көчүгүн койуп олтурду, / Көмүркөйдөй ташына. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
…Ар кандай ишти кылчу дейт, / Кайда барса кабылан, / Калбай ээрчип барчу дейт, / Талаадан талап олжо алса, / Так ортого салчу дейт, / Көзүнө көркөм мал болсо, / Көмүркөйдө зар болсо, / Мурун Көкчө алчу экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Жагалым алтындан көмүркөй жасатып, карындашын ошого салып коет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →
Чал капканына түшкөн бугуну союп, көтөрүп жүргөн көмүркөйүн алып үйүнө келет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →