көмүрдөй
- Көмүр сыяктуу кара, капкара.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Өңү кара көмүрдөй, / Тиши аппак седептей, / Эрди калың төрт эли, / Желкеси агып ириңдеп, / Чачы тармал үксөйүп, / Жаалысы катуу түктөйүп, / Оозун ачып эстенип, / Азуулары шакылдап, / Башына кийген туулга, / Калгандай кара темирден, / Кара бойу кем эмес, / Кар тоонун сеңирден.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Өңү кара көмүрдөй, / Көзү көпкөк көгөндөй, / Кең көкүрөк кууш айак, / Балбандык сыны бар турат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Караан көргөн жагына, / Ат айабай жаш арстан, / Келе жаткан чагында, / Кара бойу капкадай, / Кара ат минген көмүрдөй.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Кыл муруту кылгандай, / Көзү кара көмүрдөй, / Өңү болот темирдей, / Бойу дөбө сеңирдей, / Салкыны сыртын желиндей, / Саадагы өгүз белиндей, / Сан миңдеген жоо болсо, / Сапарып кырып ийгидей, / Салышар душман кезиксе, / Сап тартып жалгыз кийгендей.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Намангендин астында, / Кең Кокондун үстүндө, / Чокунун чыгып башына, / Көчүгүн койуп олтуруп, / Көмүрдөй кара ташына.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →