көмүр1

китептерде 19 жолу, 5 китепте
  1. Күйгөн жыгачтын өчүрүлгөн чогу.
  2. Өсүмдүктөрдүн калдыктарынан пайда болгон, жерден казылып алынып, отунга жумшала турган кара түстөгү катуу отун.
  3. Сүрөт технологиясында – белгилүү бир сорттогу жыгачты күйгүзүү менен же атайын көмүр массасынан формага келтирилген жука таякча түрүндөгү сүрөт тартуучу материал.
  4. аңч. Мылтыктын дарысын ийлөөдө кошулуучу көмүр.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Кержин жетти ат салып, / Келди калмак Кержин деп, / Кетпейт баатыр апкаарып, / Калдык хандын кебине, / Келген Кержин арданып, / Найзасын күүлөп көтөрүп, / Көмүр кара калмактын, / Эки бети көгөрүп, / Өжөрлөнүп алыптыр, / Же өлтүрөм, же өлөм, / Экинин бири болот деп, / Качырып урду найзасын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Чапканына чыдабай, / Чандан уста кырылат, / Көрүгүнө чыдабай, / Көп букалар сойулат, / Көмүрүнө чыдабай, / Көөнө токой жойулат, / Сугатына чыдабай, / Көлдүн суусу соолот. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Шириден күптү жасатып, / Көмүр менен кебекти, / Аралаша тундуруп, / Алтын менен күмүштү, / Арасына койдуруп, / Дат алдырбай катпасам, / Санаама жетип бай болбой, / Үйдө кантип мен жатам? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Көмүрүнө чыдабай, / Көөнө токой жойулган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Вазир сөөмөйүн ташка тийгизгенде, анын сөөмөйү капкара көмүр болуп күйүп калды. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →