көмүк
- Көмүскө, жашыруун.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Калмактар мында келгели, / Караңгы үйдө көрүнбөй, / Көмүктө жаткан келин-кыз, / Баары эркин болгону, / Күнү бүтүп болжолдуу, / Кабарчы келип болгону, / Калбай келди кабарчы, / Аман келди чабарчы, / Хандар келди калдайып…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Күүлөнө албай Көбөшү, / Көмүктө жатып калганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Көөнүмдү бурбай элиме, / Көмүктө жатсам болобу?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →