көмкөрмө

китептерде 9 жолу, 3 китепте
  1. диал. Аркасы бышкандан кийин, бет жагын отко же казанга көмкөрүп кактап бышырган тегерек нан.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Көмкөрмө ээрин токунуп, / Койнунда бутка чокунуп, / Бөлүнүп чыкты тобунан, / Майданды карай чу койуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Көкчө көз калды туу белде, / Арстан келе жаткан жак, / Азыраак коргул таш эле, / Ысыккөл жаккы тарабы, / Жаткан жайык талаа эле, / Жарылып оозу кетет деп, / Көмкөрмө темир кийгизген, / Көтөн ооз келтесин, / Көкчө көз октоп белендеп, / Арсак ташка таш койуп, / Шыйрагын кайрып өткөрүп, / Милтесине от берип, / Ооз отунун дарыс… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
- / Аңдаган соң бул сөздү, / Акбалтанын Чубагы, / Ачууланып бу дагы, / Көктекесин алдырып, / Көмкөрмө ээр-көк токум, / Көзөл Чубак салдырып, / Көк ырапыс тон кийип, / Көкала сындуу ат минип, / Чарайнасын тартынып, / Сом темирин артынып, / Көк ала желек жапырып,… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…рге мыктап кактырып, / Кермелерин чойдуруп, / Кемегесин ойдуруп, / Кер байталдан сойдуруп, / Аттын барын кермеге, / Алып келип астырып, / Кемегесин каздырып, / Көмкөрмөлүү казанын / Алып келип астырып, / Арчадан кылган чөмүчүн, / Эт котортуп бастырып, / Эки чоро бир төрө, / Жата турсун белесте, / Муну мындай койуңуз, / Эми Чүрөкт… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Кемегесин каздырып, / Көмкөрмөлүү казанын, / Алып келип астырып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →