көм
- Үстүнө топурак таштап жашыруу же бир нерсе менен жаап, бастырып коюу.
- Өлгөн кишини мүрзөгө коюу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Күүлөп-күүлөп булгалап, / Буркун, буркун, буркун, деп, / Атын айтпай Ламалап, / Бекбачаны көмө чаап,
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Күркүрөтүп найзасын, / Күү чыгарып качырды, / Көмө сайып кетем деп, / Көкжал төрө баатырды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Күүсү менен найзанын, / Көмөлөтүп баратат, / Бет алган жагы чуркурап, / Туш-тушуна тарашат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Күлүн жерге түшүрбөй, / Самаркан карай кетүүчү, / Жазыктын кызыл шоруна, / Отуз жолдун оозуна, / Тогуз жолдун тоомуна / Алпарып кумга көмгүлө, / Үстүнө таштап үйгүлө.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Берегинде, керегенин түбүнө жапшырыла, оң ийни пагону отко чагылышып жаркырап, буттарын чачып таштап, көмөрөсүнөн түшүп чочкодой корулдап, уктап жаткан — Бала Курман.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →