көлөкөлө

китептерде 6 жолу, 3 китепте
  1. Көлөкө кылуу, күндүн, айдын бетин тосуп, көлөкөсүн түшүрүү.
  2. Көлөкө түшкөн жерде болуу, көлөкөдө отуруу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…очко дөө уулу, / Көйкап тоонун бетинде, / Акымдын уулу Акы дөө, / Шакымдын уулу Шатыке, / Атагы чыккан бул экөө, / Олтурганда тактада, / Күн нурунда көрүнүп, / Көлөкөлөп бөлүнүп, / Элөөсүздөн кабылып, / Көзүнө келип көрүнүп: / — Акы менен Шатыке, / Урматтуу улук эки дөө, / Учураша келдим мен, / Сулаймат хандын бир сөзүн, / Ала … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Тымсак менен таш бака, / Аралап өткүс чөлүңдө, / Узуну келет жүз кулач, / Сары чаар жылан көлүндө, / Бугу менен маралы, / Көлөкөлөп жатышат, / Карагай, кайың түбүндө, / Аркар-кулжа аралаш, / Эчки,теке,боз кийик, / Жайнап жатат төрүндө. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Көлөкөлөп отурду, / Коконун барып жанына. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Аны бая жалбырак менен көлөкөлөп кеткенбиз. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Чачылып кеткен музоолордун баш аягын жыйнап, экиден, үчтөн болуп, топ-тобу менен көлөкөлөп жатып алгандарын тургузуп айдай баштадык. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →