көлөкөлүү
- Көлөкөсү бар, көлөкө түшкөн.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Өзүбүз музоолордун жолун тосуп, Сайдын ооз жагында бир чоң көлөкөлүү талдын түбүнө бекиндик.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Бир маалда көзүн ачса, тунжураган токойдун ичиндеги көлөкөлүү чынар теректин түбүндө жатат, Үсөн баягы тасторконду жайып алып, тамак ичет да, теректин түбүнө жатып уктап калат, ойгонсо түш болуп калыптыр.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →