көлчө
- Кичине көл.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Тополоңдоп тоз болуп, / Топурак учуп боз болуп, / Каптап кирди кыргыздар, / Жалындап күйгөн от болуп, / Чуңкур чуңкур жерлерге, / Көлчөк болуп кан толуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Оройу бузук бадирек, / Өзү лама ал экен, / Дамбалы жок жылаң бут, / Кабаттап кийип темирди, / Атка минген чагы экен, / Узундугу чочконун, / Алты арышча бар экен, / Каш-кирпигин караса, / Сайдагы жерде тал экен, / Мурду тоонун сеңир таш, / Көзү көлчө бар экен, / Далысы дөктүр бел экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Дүнүйөнүн бурчуна, / Кеңкула менен оң тартып, / Таласты карай жол тартып, / Эрте басып, кеч жатып, / Караңгынын чапанын, / Калдайтып чүмкөп жамынып, / Ат айабай келатып, / Ачамай айры бир жолдон, / Туйактын ойгон жеринен, / Көлчөк болуп суу толгон, / Ат изин көрдү Кененим.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Абал мурун жасады, / Чаба турган кылычын, / Сегиз киши барсканчы, / Сегиз киши балкачы, / Барскан жанса балкалар, / Ширөө чыгып шырылдап, / Жалын учуп чырылдап, / Отто темир бороктоп, / Кайнап жатат быжылдап, / Балта менен барсканчы, / Тер чубуруп жымылдап, / Бел кырчоодон казган жер, / Көлчөк болуп чылпылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Андан айла болбосо, / Кара суунун көлчөктөн, / Туура кечип өткөндө, / Ак балыктай кылтылдап, / Алтындай болуп жылтылдап, / Үч көрүнүп көзүнө, / Сыр көрүнүп өзүнө, / Кылкылдап ойун салбасам.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →