көлчүк
- Суу токтогон жер, майда көлчө.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жердин бети тытылып / Оодарылып таш калды, / Коморулуп чий калды, / Аңтарылып чым калды, / Көлчүк болуп жылтылдап, / Чуңкур жерди суу алды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Саздаң жердин беттери, / Көлчүк болуп калбады, / Кайра атына чармашып, / Колуна найза кармады, / Калмактардын Шалкымат, / Ырп этер шайы калбады, / Кененимге жалооруп, / Кебин айта салганы: / — Мен Шалкымат болголу, / Бул өңдүү жумуш болбоду, / Көп киши менен бет келдим, / Сендей баатыр болбоду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Ал аңгыча Макил дөө, / Келип калды өйүзгө, / Тереңдиги дайранын, / Бир миң кулач жерде бар, / Макил дөөнүн айбатын, / Кулагың болсо угуп ал: / Бийиктиги миң кулач, / Шаңкерек экен мингени, / Алда канча дайраны, / Арыкта суудай билбеди, / Көлчүк кечкен букадай, / Көлбүгүп сууга киргени.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Кийин бай асыранды баласынын короонун ичиндеги көлчүккө күн сайын эки маал жүгүрүп барып жүргөнүн байкап, бул бала эмне үчүн минтип жүргөнүн билмекчи болот.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
Кечке жуук бала окуусунан келип, короонун ичиндеги көлчүккө дагы барды.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →