көлкүлдө
- Суу болгон теридей, чаначтай жибип, жупжумшак болуп калуу, былк-былк этүү.
- Катуу нерсе эрип, жибиген, мөлт-мөлт этип суюла баштаган абалга келүү.
- Кенен, чоң болуу (кийимге карата).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бүткүл бойум көлкүлдөйт, / Сөөгүм такыр талканбы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Асман эле тунарык, / Акырын кетип таралып, / Жаркырап тийип күн нуру, / Зыркырап сокпой жел турду, / Кардын алды көлкүлдөп, / Ала шалбырт суу толду, / Сел алмак эми болду, деп, / Оогандык ичи чуу болду, / Же агып кетпей бир жакка, / Колтуктан келген суу болду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…нда, / Абасы түшүп эсине, / Каныкей менен Бакайдын, / Карааны көзгө элестеп, / Асман түшүп келатса, / Кенебеген Гүлчоро, / Оң бөйрөгү бүлкүлдөп, / Көзүндө жашы көлкүлдөп: / — Кой, Кутуке, кебиңди, / Кыскартпа эрлик демиңди, / Беш күнчөлүк дүйнөнүн, / Болсо да көп жабыры, / Суу ичет алтын айактан, / Өлбөгөн киши акыры.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Бут шилтерге алым жок, / Бүткөн бойум көлкүлдөйт, / Баспай койор дарман жок.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Ошондо сөөгү эрип, көлкүлдөп жумшап калат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →