көлдөлөң2

китептерде 13 жолу, 5 китепте көлдөлөң 1 →
  1. диал. Бир нерсенин туурасы, каршысы.
  2. диал. Бир нерсенин чогулган, көп болуп жыйылган тобу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бөрү ичигин жамынып, / Чайына шекер-бал салып, / Сары майын томоруп, / Кошкон май кылып дагы алып, / Төрүнөн коппойт чардайып, / Көлдөлөңдөн жай алып, / Сойо турган малына, / Балдары кетет бата алып, / Нарык сурап эл-журту, / Кайта кетет нуска алып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Эшиктен кирип акырын, / Колунан алып жетелеп: / “Жараган экен кызга, — деп, / Жараса эрге болду” – деп, / Жакасын кармап бекемдеп, / Көлдөлөң салып төрүнө, / Ак тубардан көшөгө, / Киргизип кызды ичине, / Ачтырып эшик Көкөйүн, / Баатырды үйгө киргизди, / Конокко берчүү шекер-бал, / Бар керегин бергизди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…рлөмөсүн жаздырып, / Бурчу келген жерлерге, / Көмөрүп койгон чыныдай, / Көрчөгөсүн бастырып, / Карылар ордун, хан ордун, / Калган жерден арттырып, / Кара көрпө көлдөлөң, / Тыштаган манат жайдырып, / Зиркирете салдырып, / Жаштар келчү жерине, / Кара макмал, сур макмал, / Байандоосун жаздырып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ушуну айтып Айчүрөк, / Болбогондо Кенжеке, / Үйдүн тышкы тушуна, / Салып койгон көлдөлөң, / Жазып койгон дасторкон, / Олтургузду ал жерге, / Тамагын ичип олтуруп, / Таластан тартып бар ишти, / Айтып Чүрөк койду эле, / “Күйгөндүн жашы так катат, / С… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Кыйрынан келген немесин, / Кырк-элүүдөн сулатып, / Кырып кетип баратат, / Ат үстүнөн кулатып, / Көлдөлөң күзгү койго окшош, / Кочуратып жуушатып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →