көл

китептерде 368 жолу, 10 китепте
  1. Кургактыктын табигый түрдө суу толуп калган чуңкур аянты.
  2. Суу толтурулган жасалма көлмө.
  3. сүйл. Ысык-Көл өрөөнү.
  4. өт. Мол, өтө көп.
  5. өт. Сабырдуу, оор басырыктуу, мүнөзү абдан токтоо, жоомарт, ак көңүл адам.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…, / Башын кесип албаптыр, / Сөөгү калган агарып, / Эттен неме калбаптыр, / «Барса барар каңгайга, / Жанбай экен аркага, / Калдыктын жүрбөй артынан, / Лопнурдун көлүн тосом деп, / Өлүшүнө Чакмакташ, / Мен себепчи баатырга,. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Сапты айак уйул тал болсун, / Кымызың мүрөк бал болсун, / Сапты айактын чоңдугу, / Көк казанга тең болсун, / Ичиндеки кымызы, / Аз болсо айдың көл болсун, / Кел чогулуп ичели, / Айкөл шерди биз эстеп, / Ичтеки муңду чечели! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Чалкалаган төр калды, / Чатыраган көл калды, / Суусуз нечен чөл калды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Ошондо меники акылсыздык, же балалык экенин билбейм, айтор көлдү кандай шумдук кылып сайрап жатса да Шадыкандын сөзү көңүлүмө бир конбоду. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Соолгон көлдүн ордунда калган балык өгүздү шак жутуп алды. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →