көкө
- Көк, асман.
- Кудай, асманды кудай маанисинде түшүнүү.
- Кожоюн, ээ, башчы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жердин бети томолок, / Тентип киши жоголбойт, / Конуш таппай жер чардап, / Аш беришке түк болбойт, / Көкөтөйдөн ашы, деп, / Көп жыйындын кашы, деп, / Айтылып жүргөн эмгиче, / Даңазалуу бул бир кеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кабарчы кабар алыптыр, / Чабарманга барыптыр, / Чабарман атын чаптырып, / Көкөйгө жете барыптыр, / Көкжал эр келе жатат, деп, / Көкөй угуп алыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ “Көкө Теңир жар болуп, / Ишим оңдон экен, — деп, / Ойумда менин жок эле, / Жалгыз атчан жалаң тон, / Өзү жетип келет деп, / Алаш уруп болгону, / Меники болду белем”, — деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…р боосу бар, / Боосун салып билекке, / Кыйаздын кылган иштерин, / Муз кылып түйүп жүрөккө, / Кайратын жыйып мостойуп, / Эрибес тоңдун музундай, / Кыйаздын кеби көкөйдө, / Кеберлүү шордун тузундай, / Камдап турат Айчүрөк, / Болорун ойлоп ушундай?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Баягында көкөйүмдү тешип, Көк-Теректен көтөрүп келген жаргылчак жатат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →