көкүрөк
- Дененин төш жагы, көөдөн жак бөлүгү.
- өт. Эс, көңүл.
- өт. Тоонун этек жак тарабы, талаадан жогорку, өйдөкү тарап.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ушул жерде жүргөн жан, / Көкүрөгү кең келет, / Күүлдөгөн эр келет, / Күчү-күчкө уланат, / Эркин өскөн элдерди, / Канткенде бенде кулатат?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Ан сайын чыңып тагыбыз, / Ачылган экен багыбыз, / Экөөңдүн көзүң өткөнчө / Сынбайт экен шагыңыз, / Көктөй берсин түбөлүк, / Таалай аттуу багыңыз, / Келе турган Алмамбет, / Кең көкүрөк сом далы, / Туткандын чыгар далдалы, / Булкушуп душман беттебес, / Бул замандын балбаны.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кайраты артык Карадөө, / Чукул кирип келгенде, / Кең көкүрөк, кууш айак, / Жалайак ооз кир кабак, / Чолок ээк, дөң маңдай, / Каржиликтен булчуңу, / Жүгүрүп жүргөн баладай, / Мойну жоон букуйуп, / Кысыр эмди танадай, / Жа…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Колу-буттан айрылып, / Көкүрөктө жан калып, / Ат тепсеп жерге тапталып, / Антип жаткан андан көп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
…канча төмөн турган Башариндин үйүн көрүп, жер жүзүнөн тандап келип ушул жерге чыккандай, көйкөлгөн, сулуу чөптөрдү теңселтип, жибектей жылып турган таза желге, көкүрөгүмдү тосуп турганымда бир көңүлүм сергип, өзүм сансыз жылдан берки туткундуктан азат боло түшкөндөй болуучу элем.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →