көктө1

китептерде 23 жолу, 6 китепте көктө 2 →
  1. Жалбырагы, сабагы көгөрүү, көпкөк болуп өсүү, сеңселүү.
  2. Жазгы көктү оттоо, көк жерге жайылуу (малга карата айтылат).
  3. Малга көктөм маалындагы көктү, жайытты жедирүү, оттотуу үчүн белгилүү жайга конуп отуруу (малчыларга карата айтылат).
  4. өт. Өсүп-өнүү, иши оңолуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Өтүп кетип чоң Чынар, / Муратка найза тийгенин, / Тийбегенин биле албай, / Кылчайып артын бир карап, / Муратты көрүп ат менен, / Оозун ачып аркырап, / Көк буу көктө буркурап, / Көзүнөн чыккан жалыны, / Учкундай болуп чыркырап, / От күйгөндөй шыркырап, / Жана жетти Муратка, / Сайамын деп чукулдап, / Өзүбектин эр Мурат, / На… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Чарайнасы чатырап, / Быркырады Саранжа, / Саранжанын найзасы, / Кененимге тийгенде, / Канча барча бөлүндү, / Сыныктары чыркырап, / Көктө учуп көрүндү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Адырда малың алты сан, / Алтының аккан суу болсун, / Таалайлуу болуп эл көктөп, / Тагыңа өчпөс кут консун, / Оомийин! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Колума тийсе намысым, / Колуңду артсаң мойнума, / Бышып турган дарбызмын, / Узакка барбай кубарат, / Күз көктөгөн алысын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Көктө тийген күн урсун! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →