көктүк
- Өжөрлүк, кежирлик, айтканынан кайтпагандык.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кара көктүк сен кылып, / Жалгыз уулга кыйбасаң, / Туура келбес, атаке, / Тукумуң тирүү мен турсам.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Көктүгүн көрчү Сейиттин, / Жалгыз келди бизге, деп / Кумсар менен шуркуйа, / Сыйкырлап салды жалынды, / Эр Куткарбас, Тапан хан, / Жолун тосуп Сейиттин, / Урушууга камынды, / Жалтанбаган шер Сейит, / Сур жолборстой чамынды, / Бучкагына теңебей, / Алоолонгон жалынды, / Жеткен жерде аңтарды, / Кары Тапан залымды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Кастап келген Калдуубет, / Кан ичме өзү, кара нээт, / Күн батыштын жагынан, / Көктүк кылып бул чочко, / Келген далай эрди жеп, / Кара калпак, түркмөндөн, / Карсылдашып келгенден, / Өзүбек, тажик, калчадан, / Андай нечен канчадан, / Оройу суук ч…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →