көйрөңдөн

китептерде 6 жолу, 3 китепте
  1. Мактануу, көйрөңдүк кылуу, көтөрүлүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Урушту мурун көрбөгөн, / Көңүлү көпкүр барысы, / Отуз менен жыйырма беш, / Ортосунда көйрөңдөн, / Миң кишиге керт башым, / Мен боломун дегенден, / Ылганып ону бөлүндү, / Орто – карта он дөбө, / Орто жерде көрүндү, / Кыргыздар, көрүп аларды, / Кыйалы кыркка бөлүндү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Көптүргөн сенин дүйнөңдү / Көрсөтүп туруп чачпасам, / Көйрөңдөнгөн экенсиң, / Көзүңдү сенин ачпасам, / Чогулупсуң бул ашка, / Тобуңду бузбай чаппасам, / Торопойун тоздуруп, / Абийириңди ачпасам! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кантип кайра жанайын, / Кол менен жасап кудайын, / Колдоп мени койот — деп, / Көйрөңдөнүп өкүрсө?! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Эми күчүңдү элге күч кылып, / Көйрөңдөнүп ташты чаап, / Көрбөйсүңбү, Жалгыз көз?! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Үмүтөй төрө кеп сүйлөп, / Көйрөңдөнүп бек сүйлөп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →