көйрөң
- Мактанчаак, көтөрүлмө.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Деп Көкбөрү айтканда, / Өзүнөн өзү шаттанып, / Көйрөңсүнүп мактанып, / Жүрүп кетти аттанып, / Кетип барат күүлөнүп, / Кененимдин мен башын, / Келемин деп байланып, / Аңгычакты Көкбөрү / Аскерди тур деп камданып: / — Ал…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Ошондо Отор көйрөңдөп, / Айтып турду мындай кеп: / — Токсон миң кошуун көп аскер, / Олжоңо, Бетер, алгын, — деп, / Эми каш кайтарар калган жок, / Тобукени алдым, — деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Деп күүлөнүп найзалып, / Кененимди качырып, / Оозунан көбүк буртулдап, / Азуулары качырап, / Каары келген капырдын, / Кан аралаш жаш агып, / Көзүнө турат тамчылап: / — Көкө Теңир сенсин, деп, / Көп жардамың бергин, деп, / Көйрөңсүнгөн Кененим, / Көмөлөнтөм эми!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Күүлөп койсо далдаңдап, / Өтө көйрөң бала экен, / Азыраак айыбы ал экен”.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…й сулуу табылгыс), / Какжаңдаган Тапан хан, / Карыган кой көздөнүп, / Чакчаңдаган Тапан хан, / Дык тийбеген бетине, / Саксаңдаган Тапан хан, / Карыганын билбей көйрөңсүп, / Дакдаңдаган Тапан хан, / Кылжыңдап мойун токтобой, / Бакжаңдаган Тапан хан, / Узун чапан жеңи жок, / Далбаңдаган Тапан хан, / Багалеги сүйрөлүп, / Балбаңдаг…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →