көйкап

китептерде 35 жолу, 8 китепте
  1. миф. Жердин айлана-четин курчап турган тоолор.
  2. Өтө алыс жерлер, дүйнөнүн бир чети.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Көйкапка чейин барбасам! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Бенде эмес периден, / Күн тийбес көйкап чебинен, / Тең келе албай баарысы, / Бекбачадан жеңилген, / Жайсыз катын уу берип, / Кара жер соруп семирген. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Куткарбас корксо сенчелик, / Жер бетине турбастан, / Көйкапка кетип жоголсом / Кыйалым миң санаам сан, / Кыйналып турам мен болсом. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
ак эле, / Эл айыңдап жүрбөсүн, / Эжесинен Көкмончок, / Эр талашып жүрөт, деп, / Жүргүн, кыздар, жүргүн” дейт, / Айчүрөккө билгизбей, / Түк кишиге туйгузбай, / Көйкапка кирип кеткен дейт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Алп беттешип алган жок, / Алайа тиктеп койгондун, / Бири тирүү калган жок, / Периге барды Көйкапка, / Бекбачада арман жок, / Бийлик колдо турганда, / Кылбаган иши калган жок, / Ар кимди койот эркине, / Кээ кезинде дүйнө шок. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →