көзөл1
- Сулуу, көрктүү мыкты.
- Шумпай, шылуундугу бар.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Тосор туулга жок болду, / Көзөл Көкчө оштонду, / Баштакыдан беш бетер, / Белсенип баатыр шоктонду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Бул эмне шумдук, — деп, / Көзөл Чубак айкырып, / — Көп чоро, — деп бакырып, / Чубактын үнүн укканда, / Бардыгы чыкты шашылып, / Чоронун бары чогулуп, / Аттарын кармап жабылып, / Алдырашып камынды, / Үстүнө токум салышып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ал аңгыча айкөл шер, / Аккула менен барганы, / Атырылта чабышып, / Жетип келди калганы, / Сараланы жетелеп, / Көзөл Чубак жайдары, / Алмаңдын көрүп жарасын, / Оор-жеңил чамасын: / — Эмне кылып бутуңду, / Сен ушинтип алгансың?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Көрүнгөн көзгө бир башка, / Көзөл Чубак баласы, / Күркүрөгөн Канчоро.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Көзөл Көкчө хан атам, / Өлүп кетти ошондо.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →