көзө1

китептерде 25 жолу, 9 китепте көзө 2 →
  1. диал. Суюктук куюуга ылайыктап жасалган карапа идиш.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Эрдинен көзөп тешпесем, / Кекиликтей мойнунан, / Кедери толгоп үзбөсөм, / Арбагы Манас жар болсо, / Биргелешкен тогуздун, / Тобун бузуп келбесем, / Келгис кылып Таласка, / Жолун тосуп келбесем! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Ээрдинен көзөп тешейин, / Кайда барсам мен башын, / Байланып алып кетейин, / Көзүнө күндө сийейин, / Мээсинин ордун табактай, / Арак куйуп ичейин. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…ду, / Түшкүнүнүн учуна, / Сомдоп карыш ок койду, / Алаканын бек кылды, / Душманды карай кек кылды, / Табылгыга саптады, / Бүлдүргө такчу жерине, / Чулгур салып көзөткөн, / Абышканын көк торпок, / Эки энеге тел торпок, / Күдөрү кылган ак кайыш, / Чайан түйүп терс байлап, / Бүлдүргөсүн тактырды, / Арстан эрге тапшырды, / Жоо шай… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…уп, / Качпай туруп урушам, / Кылычты кындан суурушам, / Кызык уруш мен кылам, / Балталашып чабышып, / Коондой карын жарышам, / Койдой башты кесишем, / Ээринден көзөп тешишем, / Арзан киши ойлойсуң, / Сейити бала, мени сен! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Кулпу салчу төңөлүк, / Көзөөсүз туйук болуптур, / Аны Кошой абабыз, / Көзөөлүү кылып ойуптур, / Жетпей кыска болгондо, / Узатып Чүрөк чойуптур, / Кара лөк кому жерде экен, / Гүлүстөнүм комдоду, / Сейитегим уктачу, / Керебет алтын болгону. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →