көзүнчө
- Кимдир бирөө же бир нече киши, көпчүлүк көрүп турган, катышкан шартта, көз алдында, жашыруун эмес, көрүнөө.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ — Өңшөйбөй басчы кайкалап, / Көп чалдардын көзүнчө, / Чандырбастан чалкалап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Башындагы чачынан, / Таманынан батекти, / Такыр тинтип карады, / Керимбайдын көзүнчө, / Суучулун кошуп өзүнүн, / Беш шордууну кармады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Көкүрөк элинен кийин, төмөнтөн көтөрүлгөн саяктар жүрүп отуруп Корумду, Чоң-Ташка келгенде артынан аскерлер кууп жетип капчыгайга камап алып элди кекилик уулагандай кылыптыр Ата-энесинин көзүнчө кыздарын зордуктаптыр.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Ошондо кыз чыдабай бир күнү элди чогултуп, Зыйфырымдын көзүнчө.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →