көздөн

китептерде 104 жолу, 10 китепте
  1. Бирөөгө же бир нерсеге окшоо, сыяктануу, ошол кейиптенүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ошентип Торгой турганда, / Обу жок Отор чоң капыр, / Күүлөгөнө найза сундуруп, / Күүгүм туман көздөнүп, / Күңүрт сүйлөп тил келбей, / Бурулуп кеткен өңдөнүп, / Жамгырда келген сел өңдүү, / Өркөчтөнүп түрдөнүп, / Ого бетер Торгой кыз, / Жалдырап-жайнап дени өлүп: / “Беттешин көрбөй баатырдын, / Мен кетпедим не өлүп! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
айталбай аптыгып, / Кер сары болуп өң азып, / Таноолору кыпчылып, / Тарамышы тырышып, / Салам айтып калтырап, / Корккондугу билинип, / Кол куушуруп турушту, / Көздөн жашы бош кетип, / Мурдун тартып шор этип, / Маңкалары чубалып, / Эми өлдүк бүт дешип, / Кененимге кезигип, / Кетти деп башым кесилип, / Кеп кылалбай турганда, … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Жүзүмдү киши көрөт, деп, / Башынан барда албаган, / Кишиге көзүм тийет, деп, / Сарапча көздөн албаган, / Кузуруна каласың, / Булардан мурда сен барсаң. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Кандуу жаш көздөн чубуруп, / Өңүрү ылдый куйулуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Не керек, баятан берки сөздөр окуган балага кенедей таасир эткен жок, кызыл атты токуп, лып этип минип алды да, Каркыраны көздөй кеткен улуу жолго салып, качкын кууп бараткандай үстү-үстүнө камчылап, зымыраган бойдон заматта көздөн кайым болду. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →