көздө
- Кайтаруу, көз болуу, көз салуу.
- Максат кылуу, белгилүү бир максатта болуу, бир нерсени беттөө.
- Бир жакка карай бет алуу, багыттануу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Алтайлык казак бузулуп, / Жапандакы Кызылдөө, / Жалгыз көздөө жалаңгыч, / Көкбукачан Мадыкан, / Нескаранын Жубатай, / Ушаңдын уулу Усанген, / Мурадилдин Карагул,- / Баарын казак кычырып, / Күрпүлдөктүн бойунда, / Кан кечишкен ойунда, / Ошондо элге таанылдым.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кабыландай каркырап, / Ажыдаардай аркырап, / Жалын көздө шыркырап, / Оозунан түтүн буркурап, / “Манастап” ураан чакырып, / Ач-кыйкырык, бакырык, / Тигинен кетип жарылып, / Далай таштар жанчылып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Коргонду көздөп, кол тартып, / Жедигер эли чубуруп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Калтырбай баарын жалмады, / Качырып келген төртөөнүн, / Карааны көздө калбады, / Көрбөгөн маңгыт элдери, / Бул түрдөнгөн балбанды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Бул сөздү кимге көздөп жибергени белгисиз, айтор жетимдердин баарына орток айтылгандай болуп туюлду.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →