көз
- Адамдын, жан-жаныбарлардын көрүү мүчөсү.
- Башка эмес, нак өзү, дал өзүнүн көрүнүшү, турпаты.
- Бир нерсенин тешиги, жылчыгы, ачык бөлүгү, көзөнөгү.
- Пайда болгон, чыккан жери (мис. булактын).
- Куржундун же бир нече бөлүктүү башка нерсенин айрым бөлүгү, бөлүк-бөлүк чөнтөктөрү.
- Шакектин же башка нерсенин кичине асыл таш, мончок ж.б. орнотулган жери, бөлүгү.
- Күндүн, айдын ж.б. бети.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…т, / Аксакалдуу карынын, / Айтаары ушул болбойбу, / Күбүр-шыбыр кеп менен, / Жүрүп кетти кыргыздар, / Коргонго түнөп ал түнү, / Ары-бери толгонуп, / Таң атырды көз жумбай, / Таңга жакын болгондо, / Кеп сурады Акмаңдай: / — Тегеренип Таласты, / Коргонду душман камаса, / Жатаар элең козголбой, / Таң агарды бүгүн түн, / Үшкү…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Бир күндүк жолду үч күнү, / Бекер ачка бастым, деп, / Карайлап көзүм талды – деп, / Карыптык жанга батты” – деп, / Кайгы булут сүрдүгүп, / Хан досунан түңүлүп: / “Мында туруп нетейин, / Не мураска жетейин?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Чачыкейди караса, / Мас болгондой шалкылдап, / Шилекей агып шалпылдап, / Өлчүдөй көзү тиктенип, / Тиштерин чайнап качырап, / Жоолук салбай жылаңбаш, / Чачтары түйдөк саксаңдап, / Күлүп калат ырсайып, / Тили чыгып бултайып, / Асманды тиктеп чакча…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Нечен бир карлуу бороон, калайман түндөрдө почто келип калып, жылуу төшөктөрүнөн атып туруп, уйкулуу көздөрү менен чананын (почтонун) алдына чолокторун кошуп алып, жөнөгөн күндөрүн сураба...
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Жагалым көзгө атар мерген экен, күнүгө кийикке чыгып, үйүн майга толтурат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →