көгөндө

китептерде 3 жолу, 2 китепте
  1. Көгөнгө байлоо, тизүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Былкылдатпай Көңтөйдүн / Коросонун басты кыргыздар, / Желеден бээсин агытпай, / Желелерин түрдүрүп, / Желдетип жылкы сүрдүрүп, / Көгөндө козу байлалуу, / Корккон калмак байлары, / Койну кошуп өздөрүн, / Кокуйлатып айдады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ — Белсазды ашып кыркууга, / Кийик уулап барганбыз, / Көкойдуңдун Кырчынга, / Бир үйлүү калмак калыптыр, / Калбаптыр бирөө ырымга, / Желеде кулун байлалуу, / Көгөндө козу байлалуу, / Торпоктор турат мөөрөшүп, / Инектер турат каңгырап, / Өкүрүшүп заңгырап, / Койлору турат маарашып, / Эчкилерден сүт агып, / Баккан ээсин карга… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Топ киши кубалап козуларды көгөндөп болгончо кырдан аша коюп койлор да келип калды. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →