көгүчкөн
- Анча чоң эмес, түсү ар түрдүү келген бакма жана жапайы канаттуу, кептер.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Көк түпөк кызыл найзаны, / Көпчүлүккө мылгытып, / Найзага кирген немесин, / Көгүчкөндөй зыргытып, / Карчыганын балык эт, / Май куйрукка мылгытып, / Зор Бактыбай, Турумбек, / Кызык уруш салыптыр, / Кылычтан канын чубуртуп, / Кыргын кылып салыптыр, …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…еп, / Кесилет чочко айтканда, / Үнүн угуп Кененим: / Семетей бабам колдо, — деп, / Абам Гүлүс жолдо, — деп, / Карыйа Бакай кайда, — деп, / Умай энем Каныкей, / Көгүчкөн болуп кубулган, / Көйкапта кохар тууру бар, / Айчүрөк энем канаке, / Жаадыма түштүң силер, — деп, / Сыйынамын медер, — деп, / Анык кайып болгондор, / Жардамы б…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…ерге копшотуп, / Тезге басып токтотуп, / Түптүздүгү сүмбөдөй, / Ок жыланга окшотуп, / Билер-билбес жигине, / Жара желим токтотуп, / Тал жибек менен чырматып, / Көгүчкөндүн канатын, / Сыйрып алып сырдатып, / Кытайдын кызыл курчунан, / Бир канчасын алдырып, / Бөрү тилме чыгарып, / Учун ууга сугарып, / Тасмадан боону тактырды, / Бал…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кайыпчал кызы Көкмончок, / Көк көгүчкөн кеп кийип, / Көп окуп сыйкыр жат билип, / Кырк кыз алып жанына, / Тамаша кылып жүрүүчү, / Пенде менен перинин, / Аралашып баарына.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Мындан кийин үстүнөн бир топ көгүчкөндөр өттү.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →