көбүр

китептерде 39 жолу, 10 китепте
  1. Көбүктөнүү, көбүк чыгаруу, көбүк чыгуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кээ бир аттын ээлери, / Жерге батпай кайкактап, / Кошоматчы андан көп, / Жарыша чапкан далбактап, / Дайынсыз сүйлөп көбүрүп, / Оозун тынбай жалжактап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Калмактын эли көбүрөөк, / Көйкашкалар көмүлүп, / Көп да болсо чөбүрөөк, / Майдасы калды, чоңу жок, / Кенже койдой чөбүрөп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…на элек, / Байгеге сайган мал-пулуң, / Керек эмес ушунуң, / Кимиң алсаң, аның ал, / Чатагы жок бөлүп ал, / Сенин камчың болбосо, / Жыга албайт элем, кабылан, / Көбүрөөгүн өзүң ал,- / Агыштан угуп бар кепти, / Байгени бөлүп эл кетти. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ак калпак кыргыз элиме, / Меникинен сеники, / Көбүрөөк өттү эмгегиң. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Ак боз бээни баш кылып, / Көбүрөөк кылсаң түлөөнү, / Кечирет кудай күнөөнү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →