көбүктө
- Көбүк чыгуу, көбүк пайда болуу, көбүрүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ркуп энтеңдеп, / Эми айлам кантер, деп, / Жыгылып-кооп темтеңдеп, / Бели сынган очойуп, / Карачкыдай чочойуп, / Далысынан кан агып, / Кызыл канга кошулуп, / Ак көбүктөп шар агып, / Баш аламан суналып, / Ичегиси чубалып, / Кирпиги араң ирмелип, / Сүйлөй албай тил келип, / Асылдын жолун ачышып, / Ар тарапка качышып, / Айласы кет…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Каркылдап суудан каз учуп, / Чакылдап сайрап суучулдук, / Ак мөңгү тоодон суу агып, / Ак көбүктөп бууланып, / Саргарган кези жалбырак, / Көк жашыл тартып нурланып, / Жымыңдап жылдыз жылтылдап, / Балыктар сууда кылтылдап, / Капасы жок жер бети, / Кыз-уулан күлүп шыңкылдап, / Көөдөнүн салып шамалга.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Учун канга чыкташып, / Ак көбүктөп кан агып, / Барган сайын күчөшүп, / Сапырылып жаткан кум, / Мейкин түздү чаң басып, / Тополоң уйу, тоз учуп, / Бозоргон чөлгө жарашып, / Жандары чыдап тура алб…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Баралы деген аз болду, / Барбайлы деген көп болду, / Сөз асманда көбүктөп, / Элдин ичи чуу болду, / Куткарбасты бет алып, / Көпчүлүктү аралап, / Эр Сейитим чу койду, / Калктын ары жагында, / Кумсар сыйкыр, шум канчык, / Куткарбас мен…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Бастырганда Тайбуурул, / Ак көбүктөп суу чыгып, / Таноосунан буу чыгып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →