көбүк
- Суюк заттардын бетине кайнаганда, чайкалганда же ачыганда көбүрүп чыгуучу, көбүнчө ак түстөгү масса.
- Көбүргөн массага айланган самындын эритиндиси.
- Кээ бир жаныбарлар көбүнчө жылкы өтө чарчаганда, жүгүрүп талыкканда тер менен кошо көбүрүп чыккан агыш зат.
- Ооздон көбүктөнүп чыккан шилекей.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кымызын чайкап бал ичип, / Өз үйүңдө жай жатсаң, / Көтөрүп тууну түшүрүп, / Көбүк кардай ак шордо, / Күүлдөгөн Отордун, / Көөдөндөн канын агызсам.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кабааган иттей арсылдап, / Азуулары кычырап, / Жулкунуп турат токтобой, / Ооздорунан көбүгү, / Ууртунан агып буртулдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Эңиш тарта бастырып, / Чыйрыгып сууган аттары, / Оозунан көбүк чачтырып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Алдында минген кызыл лөк, / Жүрүшү мунун бир бөлөк, / Төрт таманы талпылдап, / Жатканы кумду сапырат, / Эки көзү жаркырап, / Азуулары качырап, / Ууртунан көбүк буртулдап, / Минген ээси Терекбай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Ит болуп үрөт арсылдап, / Каткырып кетет карсыладп, / Оозунан көбүк куйулуп, / Буура болот шалкылдап, / Жүрүп кетет жылаңач, / Эки санын чапкылап, / “Ит абдалдан коркот”, деп, / Кеткени жок ит талап, / Ар кайсы үйдүн алдына, / …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →