күүлө

китептерде 227 жолу, 9 китепте
  1. Күүгө келтирүү, белгилүү бир күүнү чертүү үчүн ылайыктоо.
  2. Сермөө (мис. канатты), ары-бери кыймылдатуу, кыймылга, аракетке келтирүү; шилтөө.
  3. Күчөтүү, алга сүрөө, дем берүү, шыкак берүү.
  4. Кээ бир жаныбарлардын ургаачылары тукумдашууну самоо, эркегин эңсөө.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Күүлөп-күүлөп булгалап, / Буркун, буркун, буркун, деп, / Атын айтпай Ламалап, / Бекбачаны көмө чаап, Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Өйүзү сеңир ак урчук, / Жээн жайлоонун чоң тумшук, / Күүлөп-күүлөп имерди, / Урчукка койуп жиберди, / Урчуктун ташын камдады, / Өчөшкөн калмак Отордун, / Эти турмай сөөгүнүн, / Дегеле дайны калбады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Камчылап атын чуратып, / Артынан чаңын чубалтып, / Найзасын күүлөп бакырып, / Үчөө келет бакырып, / Бир тарапка Кененим, / Чыга берди булт койуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…менден качты деп, / Арбагым андан ашты деп, / Акылы чындап шашты деп, / Алдыда минген Алгара ат, / Айабай камчы бир салат, / Бөрү тилдүү өткүр курч, / Найзасын күүлөп булгалап, / Казыдай мойну узарып, Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Гүлчоро менен Кутургур, / Найзаларын кагышып, / Качпай туруп салышып, / Күүлөп найза сунушуп, / Күчү менен урушуп, / Олпокторун булушуп, / Жан айабай урушуп, / Жаактарын жарышып, / Гүлчородо бадана, / Кутургурдун соту жок, / Денеси таштап… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →