күүлдө
- Күү-күү эткен, дуу-дуу эткен дабыш чыгаруу, күрүлдөө.
- Ачык, шат мүнөздө болуу; дуулдаган кубанычтуу, көңүлдүү абалда болуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кымызын чайкап бал ичип, / Өз үйүңдө жай жатсаң, / Көтөрүп тууну түшүрүп, / Көбүк кардай ак шордо, / Күүлдөгөн Отордун, / Көөдөндөн канын агызсам.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Астыртан түрө тиктешип, / Өлөр жерин чиктешип, / Күжүлдөшүп, күүлдөшүп, / Найзаларын сүйрөшүп, / Качпай найза сайышып, / Найзаларын кагышып, / Колтуктарын чойушуп, / Чокмор менен койушуп, / Кындан кылыч алышып, / Кыпындай жанды ай…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Айтып Бакай токтолду, / Көпчүлүктүн баарысы, / Өрт алгандай дүркүрөп, / Чагылган күндөй күркүрөп, / Жер козголуп дүңгүрөп, / Ызы-чуу түшүп күүлдөп:
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ «Семетейди сойсок — деп, / Эркибизче болсок» — деп, — / Ээн талаада сүйлөшүп, / Өздөрүнчө күүлдөшүп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Башкалары күндө кечинде топ-топ болуп, чогулуп, ырдап, күүлдөп алып, шаарга кирип кетишет.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →