күңүрттө
- Күңүрт көрүнүштө болуу, тунарыңкы же түнөрүңкү тартуу, күңүрт көрүнүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Тилин өлчөп сөз алган, / Асманда жүргөн күңүрттөп, / Мөкүбалдуу найзасын, / Булгап колго алганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Коктулар малга шыкай толуп, тетиги күңүрттөгөн караңгы терең сайларда үйүрүн издеп, чуркураган жылкылардын үнү түштөгүдөй создугуп угулуп турду-
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Баш жагымда күңүрттөп, күрт-күрт чайнап акырда бир-эки ат турат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Бизге бергени мына,— деп колунда күңүрттөгөн бирдемени көрсөттү.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Жер караңгылаган сайын Эки-Кошкон күңүрттөп кийин кала берди.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →