күңүрт
- Өңү-түсү жагынан анчалык даана, айкын эмес, көрүнүшү, тунуктугу, ачыкжарыктыгы жагынан тунарыңкы, түнөрүңкү.
- Үнү, дабышы, угулушу, сүйлөгөнү ж.б. жагынан анчалык даана эмес, басыңкы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ошентип Торгой турганда, / Обу жок Отор чоң капыр, / Күүлөгөнө найза сундуруп, / Күүгүм туман көздөнүп, / Күңүрт сүйлөп тил келбей, / Бурулуп кеткен өңдөнүп, / Жамгырда келген сел өңдүү, / Өркөчтөнүп түрдөнүп, / Ого бетер Торгой кыз, / Жалдырап-жайнап дени өлүп: / “Беттешин көрбөй баатырдын, / Мен кетпедим не өлүп!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
Баягыда биз отун алуучу калың токойду аралап, күңүрт тартып үн-сөз жок кетип барабыз.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Коломтодо чок күйүп болуп, акырын гана карарып, күңүрт тартып барат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Бирок кеткенде абалыбыз эмне болот, жолду таап бара алабызбы, нече күндүк жер, жолду катар эл болуп отурабы, ач болобузбу, ток болобузбу, аман-эсен жетебизби — ушул жактары мага күңүрт эле.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →