күңкүлдө
- Мааниси ачык, түшүнүктүү болбогон кеп салуу, сөздү таасын, угуза айтпай, өзүнчө бирдемелерди кобураган болуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Тоодой болгон чоң дөбөт, / Тоо жылгандай сүлкүлдөп, / Салмагына чыдабай, / Жер козголуп дүңкүлдөп, / Токтобогон ойнок жар, / Тоо көчкөндөй калдырап, / Адам тилин билбеген, / Кара нээт бул айбан, / Өзүнчө сүйлөп күңкүлдөп, / Күңгүрөнүп күбүрөп, / Кирген суудай күжүлдөп, / Кирип келди майданга, / Туура тартып маңдайда.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Беттей албай күңкүлдөп, / Каарданган эчендер, / Тузакка түшкөн эмедей, / Кеп кутулбас чечендер, / Адамдан чыккан нурдуулар, / Сүйлөсө сөзү муңдуулар...
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
- / Ачык айтпай Мурадил, / Күңкүлдөп мындай деди эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Акырын гана күңкүлдөп, бирдемени кобурап отурушат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Бизди шылдыңдаганды кудай шылдыңдап калсын!..— деп күңкүлдөп сүйлөнүп отуруптур.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →