күңкүл

китептерде 4 жолу, 3 китепте
  1. Эмне экени ачык, даана болбогон, мааниси түшүнүксүз болгон тунгуюк кептер, ачыкка чыкпастан, астыртан тымызын айтылып жүргөн имиш-имиш, күбүр-шыбыр, тууралыгы текшерилбеген, аныкталбаган сөз.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Салмагынан кара жер, / Жарылчудай дүңкүлдөйт, / Жерден чыккан доңуздай, / Үнү алкымда күңкүлдөйт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Чукул келди Алмамбет, / Бир неме уруп дүмпүлдөйт, / Баа-чаасы өтө арбындуу, / Угулбай ачык күңкүлдөйт, / Көрүм көргөн бакшыдан, / Беш алтоо бардай кептенди, / Аттуу туруп Алмамбет: / — Арстан барбы мында? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Мен койду короого камап, эшигин бекитип жатканымда Мамирмазин үйүнө кирип кетип, катыны менен күңкүлдөшүп калды. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Анда-санда бирдемелерди күңкүлдөшүп коюп, төртөөбүз бир жерде отурабыз. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →